Акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймагындагы коомдук жайларга төрт миңден ашуун видео-камералар орнотулуп, алар аркылуу күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлүп, жалпыга бирдей болгон коомдук тартип сакталып келүүдө.
«Олуттуу иш-аракеттердин натыйжасында акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар жөнгө салынып келе жатат», — деди өлкө башчысы.