7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси белгиленди

319

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине жана кесиптик майрамына арналган салтанаттуу гарнизондук парад өттү.

Иш-чарага Кыргыз президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, милиция кызматкерлери, тармактын ардагерлери, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Облус башчысынын биринчи орун басары, милиция кызматкерлерин куттуктап, бир кылымдык тарыхы бар Кыргыз милициясынын коомдогу орду, мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымы, элдин коопсуздугун камсыздоодогу жигердүү эмгеги чоң экенин белгиледи. Ага катар, бир катар кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасын тапшырды.

320