7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров өлкөдө бир айлык экономикалык амнистия жарыялады

213

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кезектеги кайрылуусун жасап, жалпы журттун жүгүн көтөрүү үчүн бүгүндөн тарта расмий түрдө өлкөдө экономикалык амнистия жарылаганын айтты.

Мунапыстын алкагында:

-мамлекеттик бюджетти толтуруу, кошумча киреше алуу;

-өлкөдөн чыгып кеткен жана чыгып жаткан мыйзамсыз капиталды кайра кайтаруу;

-оффшордук эсептердеги акчаны кайрып келүү;

-көмүскө бизнестин ресурстарын толугу менен мыйзамдаштыруу;

-ишкердик чөйрөгө бирдей шарттарды түзүү;

-макроэкономикалык оң натыйжаларга жетишүү;

-өлкө экономикасына зарыл болгон каражатты тезинен табуу;

-мамлекеттик тышкы карыздарды төлөө милдеттери коюлду.

Соңку 30 жыл бою эң кирешелүү тармактар болгон: энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүү, тоо кен  ж. б. тармактарда өзүнүн коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөн коррупционерлерге, ар кандай компаниялардын үлүшүнө отуруп алган мурдагы чиновниктерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алган аткаминерлерге, салыктарды төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузуп жүргөн чиновниктердин тобуна, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге 30 күн убакыт берилди.

«Силер, өзүңөр деле ар бир тармак боюнча коррупциялык схемаларды абдан сонун билесиңер. Аларды өзүңөр ачыкка чыгаргыла. Анын баарын мамлекеттик казынага кайтарып бергиле. Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула.  Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла. Азырынча мен силерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип жатам», -деди Жапаров.

Анын айтымында, кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат. Бул иш-чара бир гана жолу болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

214