7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

274

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө “Кыргызалтын” ААКнын туунду компаниясы – “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысына ишканада өткөн жылы оңдоо иштери башталганы маалымдалып, ал үстүбүздөгү жылы улантылууда. 112 видеокөзөмөл камералары орнотулуп, жаңы жабдуулар, анын ичинде атайын техника сатып алынды. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жана инфраструктурасын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулду. 2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча негизги көрсөткүчтөргө жетишилди: кызматкерлердин штаты, ошондой эле алтын өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү. Салыктык төлөмдөр 415 млн сомду түзүп, эмгек акы төлөө фонду 327,8 млн сомго жетти.

Президент Садыр Жапаров “Макмал Голд Компанинин” ийгиликтүү модернизациясы мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу башкаруунун үлгүсү катары кызмат кыларын баса белгилеп, компания мындан ары да өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулатып, Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.

 

275