Президент Садыр Жапаровдун мурдагы жардамчысы Эркин Баяманов: Мен 2005-жылдан 2024-жылга чейин Садыр Жапаровдун жанында болуп, анын жардамчысы болуп иштедим, азыр башка кызматка өтүп, башка тапшырмаларды аткаруудамын. Жакында, 13-ноябрда, Айдар Халиковдун интервьюсу чыкты жана ал президенттин жардамчысы катары тааныштырылып, президентке жана анын администрациясына ар башка күнөө койду.
Бирок Халиков 2 жылдан жардамчы эмес, анткени ал президенттин атын жамынып алып, бир топ жакшы эмес экономикалык аракеттерге барган жана бир чети ошол себептен Садыр Нургожоевич өзүнүн жардамчылары жана кеңешчилеринин санын кескин кыскарткан. Халиков кайрылман катары Кыргызстанга 2013-жылы келген жана ошол өзү сыяктуу жаңы кыргыз жарандары менен мамиле түзүү үчүн президенттин жардамчысы болгон, бирок ал президент менен мен аркылуу гана байланышчу.
Аны менен катар Мелис Аспеков дагы ар башканы айтууда, бирок ал эч качан президенттин жардамчысы болгон эмес, интернет аркылуу ал – президенттик шайлоо алдында Садыр Нургожоевичтин жардамчысы болдум деп жарыялаганда, биз дароо БШКга кат жазып, аны жокко чыгарганбыз. Аспеков учурдан пайдаланып, президенттин жанына келе калып, сүрөткө түшүп, анан ошондон пайдаланып, тиги же бул чиновник же бизнесмендерден опузалап акча алууну өзүнө адат кылып алган. Анын бир да сөзүнө ишенбеш керек.
https://youtu.be/qEAhpxdFLNQ