7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады

18

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Путраджая шаарында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Төмөндө мамлекет башчысынын билдирүүсүнүн тексти:

“Алгач Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим мырзага расмий сапар менен келүүгө чакырганы жана көрсөткөн жылуу мамилеси, меймандос кабыл алуусу үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Ырааттуу түрдө өнүгүп жаткан, өзгөчө жетишкендиктери менен таанылган Малайзия жергесине келүү биз үчүн чоң сыймык!

Быйыл кыргыз-малайзия дипломатиялык мамилелерине 33 жыл толду. Өткөн жылдын май айында Анвар Ибрагим мырзанын Бишкекке болгон сапары тарыхта алтын тамгалар менен жазылып, жогорку деңгээлдеги ишенимди мурдагыдан да арттырды жана бекемдеди.

Тарых барактарын улап, 30 жыл аралыгындагы Кыргызстандын эң жогорку деңгээлдеги Малайзияга расмий сапары эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жаңы, жогорку баскычка көтөрүлгөндүгүнүн айкын далили болуп калды.

Ушул келечектүү кадамдарды иш жүзүндө чыңдоо максатында бүгүнкү сүйлөшүүлөргө кеңири тартипте токтолдук. Жыйынтыгында Биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле бир катар маанилүү документтерге кол койдук. Аталган документтердин негизинде биз саясий жана соода-инвестиция байланыштарын кеңейтип, маданий алакаларды бекемдөөгө кубаттуу өбөлгө түзүп жатабыз.

Документтерде камтылган багыттарга таянуу менен Борбор Азиянын чордонунда жайгашкан Кыргызстан биргелешкен долбоорлор үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Биз ишкерлик чөйрөнү жандандырууга багытталган туруктуу реформаларды улантып, энергетика, туризм, айыл чарба, санарип экономикасы, банк тармактарында да малайзиялык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкка даярбыз.

Өзгөчө токтолуп өтө турган жагдай – Малайзиянын дүйнөлүк деңгээлде лидерлик кылган халал-индустриясы. Дал ушул сектордо биз биргелешкен стандарттарды иштеп чыгып, өндүрүштү диверсификациялоо аркылуу жаңы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн көрүп турабыз.

Муну менен катар, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү темасы эки тарап үчүн негизги багыт бойдон калууда.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргызстанда электр энергиясынын 90 пайыздан ашыгы ГЭСтер аркылуу өндүрүлөт. Ошондуктан малайзиялык инвесторлорду стратегиялык долбоорлорго катышууга чакырабыз.

Өнөр жай менен катар билим берүү тармагындагы өнөктөштүккө да зор маани беребиз. Малайзия университеттеринде билим алып жаткан кыргыз студенттерине түзүлгөн шарттарды жогору баалайбыз жана мындан ары академиялык алмашуу, биргелешкен программаларды кеңейтүү боюнча аракеттерди күчөтүүгө кызыкдарбыз.

Өнөктөштүктүн бекем институционалдык таянычы катары парламенттер аралык диалогду активдештирүү зарыл деп эсептейм.

Мындан сырткары, эл аралык уюмдардын алкагында координацияны күчөтүп, жалпы регионалдык жана глобалдык демилгелерди алдыга жылдыруунун маанилүү экенин белгилейм.

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда салтка көп тараптуу форматтарда айланган өз ара колдоо тажрыйбасын тереңдетүүгө ниеттенип турабыз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргызстан Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалды андан ары туруксуздандырууга чоң коркунуч жараткан чыңалуунун күчөшүнө өзүнүн терең тынчсыздануусун билдирет.

Биз тараптарды түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү максатында абалдын андан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырабыз.

Тилекке каршы, Газа тилкесиндеги кайгылуу окуялар уланууда. Бириккен Улуттар уюмуна мүчө мамлекеттер катары биз бул көйгөйгө жамааттык жооп табууга аракет жасап, аны тынчтык жолу менен чечүүгө милдеттүүбүз деп эсептейм.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун, биринчи кезекте Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин аракеттерин бириктирүүнү колдойт. Бул аракеттер согуштук иш-аракеттерди тезинен жана толук токтотууга, Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти чечүүгө, саясий диалогду баштоого жана «эки эл үчүн эки мамлекет» принцибинин негизинде Бириккен Улуттар уюмунун резолюцияларына ылайык палестина-израиль чыр-чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталышы керек.

Биз палестина элинин өз тагдырын өзү чечүү, өз мамлекетин түзүү жана БУУга толук укуктуу мүчө катары кирүү укугун таанып, колдойбуз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Бүгүнкү жолугушуубуз эки өлкөнүн достугун чыңдап, өз ара пайдалуу долбоорлорго кеңири жол ачты.

Премьер-министр Анвар Ибрагимдин кыргыз-малайзия мамилелерин бекемдөөгө кошкон жеке салымын өзгөчө баалайм жана мазмундуу сүйлөшүүлөр үчүн дагы бир жолу чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Малайзияга болгон расмий сапарымдын жыйынтыктары Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана өз ара ишенимге негизделген ар тараптуу кызматташтыкты жаңы баскычка чыгарууга шарт түзөт деп ишенем.

Мен урматтуу премьер-министр мырзаны Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырдым. Сапардын ыңгайлуу мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу такталат”, — деп айтылат президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө.

19