7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барды

312

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен мамлекеттик сапар менен Пекин шаарына барды.

Мамлекет башчынын борту Пекин шаарындагы «Шоуду» эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто мамлекеттик желектер илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Кытай Эл Республикасынын Турак жай, шаар жана айыл курулуш министри Ни Хун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын программасына ылайык эртең, 5-февралда, Пекин шаарында президент Садыр Жапаров КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин, ошондой эле КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян жана КЭРдин эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюу, баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө эки мамлекеттин биргелешкен декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Харбиндеги IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

313