7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Фор Эссозимна Гнассингбенин расмий жолугушуусу өттү

149

Бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапары менен келген Того Республикасынын Министрлер кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Ынтымак Ордо” имаратындагы флагштокторго Кыргызстандын жана Тогонун мамлекеттик желектери илинген. Садыр Жапаров менен Фор Эссозимна Гнассингбе Ардактуу кароолдун жана этно-жоокерлердин коштоосунда жылуу саламдашышты. Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Рота командиринин рапортун кабыл алгандан кийин жана салтка ылайык сапты кыдырып чыккандан соң, алар мамлекеттик тууларга урмат көрсөтүштү. Фор Эссозимна Гнассингбе аскер кызматкерлери менен “Салам аскер!” деп учурашты.

Андан соң тараптар бири-бирине расмий делегацияларынын курамын тааныштырышты. Азем Ардактуу кароолдун салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталды. Мындан соң биргелешкен сүрөткө түшүү болуп, андан кийин Садыр Жапаров менен Фор Эссозимна Гнассингбе сүйлөшүүлөр залына бет алышты.

150