7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чек ара маселесин талкуулашты

913

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кабыл алды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Анын берген маалыматы боюнча эки мамлекеттин башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту. Ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен тактоо жол-жобосунан өттү. Тараптар «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шарихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүүнү макулдашканы белгиленди.

Ошондой эле, тараптар үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып адамдардын, жеңил автоунаалардын жана кичи автобустардын (20 орунга чейин) өтүүсү үчүн «Кайтпас», «Өтүкчү» өткөрүү пункттарын ачуу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары, Өзбекстан тарап аркылуу «Кара-Суу», «Бек-Абад», «Ынтымак», «Кенсай» жана «Сейдикум» өткөрүү пункттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.  Кийин даярдыгына жараша бул өткөрүү пункттары ачылат.

Ошол эле учурда, бардык такталган тилкелер боюнча жеринде биргелешкен изилдөөлөр, ошондой эле эки тараптуу консультациялар жүргүзүлөт.

Андан соң аталган документти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашуу жол-жобосу өтөт, андан кийин мамлекеттер аралык келишимге кол коюлат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ратификациялоо жол-жобосунан өтүшү керек.

Өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Камчыбек Ташиев ошону менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында талаштуу тилкелер болбойт деп жыйынтыктады.

Президент Садыр Жапаров бул кадам кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринде тарыхый мааниге ээ экенин жана буга чейин орун алып келген айрым чек ара чыр-чатактарына чекит коюла турганын канааттануу менен белгиледи.

Бул эки боордош элдердин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту, анын ичинде чек ара аймактарындагы эки мамлекеттин жашоочуларынын ортосундагы мамилени  чыңдай турганына ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы эки элдин көптөн берки тилеги бүгүнкү күндө реалдуулукка айланып баратканын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бул багытта башка коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

914