Бишкекте кезектеги жарманке 27-28-мартта өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айыл чарба жарманкеси өтчү даректер:
1. Биринчи Май райондук администрациясы, Исхак Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
2. Свердлов райондук администрациясы, Төрөкул Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
Жарманкеде азык-түлүктөрдүн баалары:
- Уй эти — 390-405 сом
- Жылкы эти — 380-390 сом
- Кой эти — 400-405 сом
- Тоок эти — 200-210 сом
- «Царь» суу майы — 130-132 сом
- «Лучезарное» суу майы — 130-132 сом
- «Ласка» суу майы — 130 сом
- Фирма жумурткасы — 75-85 сом
- Үй жумурткасы — 90-95 сом
- Кайыңды шекери — 56 сом, 5 кг 280 сом
- Алма — 30-60 сом
- Сабиз — 10-15 сом
- Картошка — 24-26 сом
- Пияз — 14-16 сом
- Ун — 27-38 сом.