7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,74
USD –0,10%
102,85
EUR +0,42%
1,14
RUB –0,13%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

Жакында 1 миң 200 мектеп заманбап компьютер менен жабдууланат

226

Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банк Кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Дүйнөлүк банк саламаттык сактоо жана социалдык коргоо, билим берүү, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экология жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат.

Биринчи вице-премьер-министр   Дүйнөлүк банкка экономикалык кризистин кесепеттери менен күрөшүү жана коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыразычылык билдирди.

Жакын арада биргелешкен долбоорлордун алкагында 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат. Республикалык ооруканада компьютердик томографтарды орнотуу боюнча иштер ыкчамдатылып, ишке киргизилип жаткан «Мектеп медицинасы» долбоорунун алкагында мектептердеги медициналык кабинеттерди жабдуу тууралуу маселе иштелип чыгат, ошондой эле айыл чарбаны, кичи жана орто бизнести колдоого алуу боюнча долбоорлор талкууланды.

Артём Новиков белгилегендей, Өкмөт тараптан долбоорлорду ишке ашырууда кечиктирүүлөр болбойт. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган, аны ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын катышуу ыктымалдыгы каралган сунуштар жана долбоорлор даярдалмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

227