7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

330

Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 5-ноябрда, Бишкекте чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. “Ынтымак-Ордодо” сүйлөшүүлөр башталаар алдында эки өлкө лидерлеринин кол алышып, чогуу сүрөткө түшүү аземи болуп өттү. Андан соң Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган чакан курамдагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Садыр Жапаров Түркиянын президентин жылуу тосуп алып, бул мамлекеттик сапар кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн мааниси чоң экенин айтты.

Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга боордош элге терең сүйүү сезими менен келгенин баса белгиледи.

331