7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү (ФОТО)

462

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Түркия президентинин кортежи атчандардын коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратына келди. “Ынтымак Ордонун” флагштокторуна Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап турду, килемдер төшөлдү.

Эки өлкө лидерлери бири-бири менен салам алышып, Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү. Салтанаттын жүрүшүндө лидерлер тууга таазим кылышты, Түркиянын президенти “Салам, аскер!” деп ротага кайрылып, саламдашты.

Андан соң Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, андан кийин Ардак кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алды.

463