7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
15°C

Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсух эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

324

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өлкө лидерлери кыргыз-монгол эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, келечекке биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.

Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаровго чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул тарыхый мамлекеттик сапар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө күчтүү дем берерин белгиледи. Ал Кыргызстандын Президенти Монголияга акыркы жолу 21 жыл мурун барганын эске салды.

Ухнаагийн Хурэлсух соода-экономикалык тармакта, айыл чарба, туризм, маданий-гуманитардык маселелерде кызматташуунун негизги багыттарын белгилөө менен Монголия менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелерди жана кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи.

Ал ошондой эле Монголия Кыргызстандан экологиялык жактан таза жана сапаты менен белгилүү болгон жашылча-жемиштерди ташууга кызыкдар экенин, ошондой эле бул азыктарды өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү маселесин иликтөөгө даяр экенин белгиледи. Мындай ишканалар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын өсүшүнө жана соода алакаларынын кеңейишине салым кошот.

«Биз өлкөбүздүн аймагында Кыргызстандын Элчилигинин ачылышына кубанычтабыз жана анын мындан аркы ишине ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Мындан тышкары, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-монгол Өкмөттөр аралык комиссиясынын иш механизмин активдештирүү маанилүү деп эсептейбиз», — деп баса белгиледи Ухнаагийн Хурэлсух.

Садыр Жапаров өз кезегинде Ухнаагийн Хурэлсухка мамлекеттик сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясына көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Монголияга болгон сапардын саясий маанисин белгилеп, анын башкы максаты – эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты андан ары илгерилетүү экенин айтты.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров учурда өлкөдө белгиленип жаткан улуттук Наадам майрамы менен Монголиянын Президентин жана монгол элин куттуктады. Ал бир улуу көчмөн цивилизациясынын урпактары болгон эки элдин жакындыгын сыймыктануу менен белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу зарылдыгына басым жасады. Өз ара сооданы өнүктүрүүдөгү башкы тоскоолдук — транспорттук-логистикалык мүнөздөгү көйгөйлөр болуп саналат.

«Кыргызстан Азия автомобиль жолдорунун тармагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө үч тараптуу Макулдашууга кошулууга ниеттенүүдө. Кыргызстан өз продукциясын экспорттоого гана эмес, монгол продукциясын импорттоого да кызыкдар», — деп Садыр Жапаров баса белгиледи.

Ал ошондой эле монгол тараптын көңүлүн Кыргызстанда айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, туризм, энергетика жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө ишке ашыруу үчүн бир катар кызыктуу долбоорлор бар экенине бурду.

Садыр Жапаров ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан башка, Садыр Жапаров Монголиянын Баян-Улгий аймагында этникалык кыргыздар жашаарын белгиледи. Бул аймакта тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүү — эки өлкөнүн элдерин тарыхый жана маданий жактан да жакындата алат. Кыргыз тарап кызматташтыкты активдештирүү максатында Достук жана маданият күндөрүн өткөрүүнү жандандыруу сунушун киргизүүдө.

Өлкө лидерлери биргелешкен күн тартибинин бардык багыттары боюнча кыргыз-монгол эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өз ара даярдыгын жана кызыгуусун билдиришти.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухту жубайы менен өзүнө ыңгайлуу учурда мамлекеттиксапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

325