Аял-эркек мамилесинде аялдардын көп учурда билбестиктен кетирип алчу каталары болот. Психолог Александр Шахов «Доктор Питер» басылмасына берген маегинде бул тууралуу айтып берген.
Эркекти көзөмөлдөгөн «энеге» айланып калуу.
Камкордук кылам деп анын убадаларын, каталарын дайыма эстете берүүгө болбойт. Муну менен сиз сүйүктүү аял болбой эле, камкор энеге айланасыз. Эркек мындай мамилеге баш ийип, алсыз уулдун ролуна өтөт, же болбосо аша чапкан камкордуктан тажап кетип калышы мүмкүн.
Эркекти өтө эле аяй бербеңиз.
«Эркек өзүнүн көйгөйүн айтып жатканда бирөөнүн жардамын күтпөйт. «Сен муну жасай алышыңа толук ишенем» деген сөз гана жетиштүү, болгону ага ишениңиз.
Мээсин жеп, наалына бербеңиз.
Үй — эркек үчүн эс ала турган, мээрим жана жылуулук ала турган жер. Ал эми анын ордуна тынчын алып, жагымсыз мамиле болсо, ал эртеби-кечпи чарчайт жана мындай мамилени үзүүгө аргасыз да болот.
Жеке ишине чейин кийлигишип, тажатып албаңыз.
Кээде аялдар эркекке камкордук көрсөтөм деп анын жеке чегине кирип алышы да мүмкүн. Мисалы, аял анын эски, чоюлган футболкасын ыргытуу менен жамандык каалабайт, а бирок эркек муну сыйлабастык жана жеке чектерин бузуу катары кабыл алышы мүмкүн.
Дагы бир жаңылыштык — укпай коюу аракети. Пикир келишпестиктер болсо ачык айтып чечишип алуу керек.