7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти эки тараптуу кызматташтыкты сүйлөштү

565

Бүгүн, 19-майда Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеевдун телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринин бардык комплекси талкууланды.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун активдешүүсүн, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн жогорулоосун канааттануу менен белгилешти.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев мамлекеттик чек ара маселелери, сооданы көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566