7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто “Куттуу эл” биринчи улуттук форуму өттү

442

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 19-майда, “Куттуу эл” биринчи улуттук форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарадагы өз сөзүндө ал учурда коомчулукта актуалдуу делген маселелерге токтолду. Анын бири билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө, сапатына көңүл буруу зарылдыгы.

“Жакында Президент Садыр Жапаров “Эл үмүтү” деген жарлыкка кол койду. Ал жарлыкта зирек, умтулган, чет өлкөдө атттуу-баштуу университеттерде окуйм деген студенттерге стипендия бөлүп берип атат”,- деди ал.

Аны менен бирге, Сүйунбек Касмамбетов өлкөдө болуп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөргө да учкай токотолду. “Кыргызстанда 226 жерде курулуш жүрүп атат. Төрт жерде төрт тилкелүү жол салынып атат. Ар бир облуста аэропорттор жандана баштады. Балыкчы-Кара-Кече жолу ишке киришти. Соцтармактын айлыктары эки эсе көтөрүлдү. Кумтөр мамлекетке өткөрүлдү”,- деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз элинин каада-салттары жана алардын мааниси тууралуу кеңири айтып берди.

Аны менен бирге, Мамлекеттик катчы кыргыз тили сөз байлыгы боюнча башка тилдерден ашса ашаарын, кем калбасын белгиледи. Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз элинин нарк-насилинин мааниси жогору болгонуна токтолду. Анын ичинде кошуналар менен ынтымакта жашоо. “Журтубуз кошуналар менен дайыма жакшы жашап келгенбиз”,- деп белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.

Форумга ошондой эле өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жогорку окуу жайларынын жетекчилери, Кыргызстандын дин өкүлдөрү, илим жана маданият ишмерлери катышты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

443