7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргон райондук көзөмөл-текшерүү кызматынын башкы инспектору пара менен кармалды

693

Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Базар-Коргон райондук көзөмөлдөө-текшерүү кызматынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 18-майында 15000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен С.Ч.А. аттуу КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад областык башкармалыгынын Базар-Коргон райондук көзөмөл-текшерүү кызматынын башкы инспектору кармалды.

Аталган Базар-Коргон райондук көзөмөлдөө-текшерүү кызматынын башкы инспектору Базар-Коргон районунун тургунунун жеке менчик аймагындагы жашыл аянтчаларды мыйзамсыз кыюу фактысын жашыргандыгы үчүн, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү жана андан ары соттук териштирүү болот делген коркутуу жолу менен опузалап 50 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

694