Базар-Коргон району боюнча экотехкөзөмөл кызматынын башкы тескөөчүсү опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-майында Базар-Коргон районунун, Сейдикум айыл аймагынын, Жаӊы-Абад айылынын тургуну Р.Т. Базар-Коргон районунун прокуратурасына арыз менен кайрылып, анда Базар-Коргон районунун экология инспектору С.Ч.А. аттуу кызматкер пара опузалап талап кылып жатканын, эгерде бербесе айып пул менен коркутуп жатканын билдирген.
Аталган факт боюнча, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон райондук прокуратурасынын тергөөчүлөрү жана УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Базар-Коргон району боюнча экотехкөзөмөл кызматынын башкы тескөөчүсү С.Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.