7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Жашыруун басмакананын иши токтотулду

570

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда диний адабияттарды уруксаатсыз даярдоо жана жайылтуу боюнча жашыруун басмакана аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Б.А.К. аттуу жаранынын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда басып чыгаруучу жабдуулар, компьютерлер, принтерлер жана 5 миңден ашык диний адабияттар табылып алынды.

Ошол эле учурда басмакананын ээсинин диний адабияттарды чыгарууга уруксаат кагаздары, тиешелүү маркировкалары жок, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний экспертизасынан жана текшерүүсүнөн өткөн эмес.

Тинтүү учурунда алынган диний адабияттар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571