Бүгүн, 19-май күнү Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылындагы Краснопартизанская көчөсүндө жайгашкан көмүр казуу шахта чуңкурунда (забой) газ чыгып, анда жумушчулар ичинде калып калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине 5 куткаруучу тартылган. Шахтанын 90 метр тереңдигинде 34 жаштагы Ноокат районунун Т.Ө.М. аттуу тургунунун жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.