7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Мэрди кызматтан алып койсок эле түтүн жоголуп кетпейт»

629

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде Бишкектеги ыш көйгөйүнүн айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Мэрди кызматтан алып койсок эле түтүн жоголуп кетпейт. Түтүндү көзөмөлгө алганга жалпы эл өздөрү жардам бериш керек. ЖЭБдин түтүнү болгону 10-15 пайызды түзөт. Кечээ жакында тик учак менен шаардын үстүн, жаңы конуштарды эки үч жолу айланып чыктык. Баарын көрдүк.

Калган түтүндүн баары жаңы конуштардан, жеке сектордогу сауналардан, мончолордон чыгып атат. Алар резина же тигүүчү цехтерден чыккан чүпүрөктөрдү жагып жиберишет экен. Ошондуктан ошолорду ар бир кошуналары көзөмөлгө алып, жактырбаш керек. Анткени ал түтүн ар бир жашоочунун ден соолугуна зыян алып келет. Ошол үчүн мейли кошунасы болосуңбу же көчөдөн өтүп бара жатып көрүп каласыңбы, айтыш керек, жакпа деш керек, тиешелүү органдарга билдириш керек . Ошондо гана түтүн жоголот. Албетте, бийлик дагы жөн жаткан жокпуз. Дароо буйрук берип, рейд уюштурдук. Ким жеке сектордо мончого же үйүнө резина же чүпүрөк жагып жаткан болсо, айып пул салгыла, сауна болсо жапкыла деп. Бирок эл өзү көзөмөлгө алып берсе, рейдден дагы жакшы жыйынтык берет эле. Азыр жаңы конуштарда жеке менчик мончолор көп экен. Ошол мончолордо жагылат экен. Азыр эми жаңы конуштарга өкмөт тараптан мончолорду салдырганга тапшырма бердим. Анан эң негизгиси гидро ГЭСтерди салууну күчөтүп жатабыз.

Элүүгө жакын кичи жана орто ГЭСтер курулуп жатат. Баары бүтсө электроэнергияга өтүп кетсек, түтүндөн кутулабыз»,- деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш Бишкектин мэрин кызматтан алууну президентке сунуштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630