Депутат Шаирбек Ташиев Бекжан Темирханга алынган үйгө кошумча кылып эки миң доллар берди. Бул тууралуу КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев бөлүштү.
«ЖКнын депутаты Ташиев Шаирбек мырза, Бекжанга алынган үйгө кошумча кылып дагы 2000$ (эки миң доллар) каражат берип жибериптир. Чоң рахмат Шайырбек мырза, жасаган ишиң жаратканга жагып, үй бүлөңө жүз эселеп кайтарылсын. Адамдык мыкты сапатың, ушундай жөнөкөйлүгүң, кыргызга тийиштүү айкөлдүгүң менен бийиксиң, кем болбо баатыр. Бекжандын арбагы ыраазы болсун, бар бол!»,- деп жазган.
Буга чейин Бекжан Темирханга алынган үйдүн сүрөтү жарыяланган.https://7tv.kg/bekzhan-temirhandyn-ata-enesine-alyngan-j/