7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Metarise Japan» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

1835

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарында «Metarise Japan» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кубаттуулугу саатына 3-5 киловатт болгон электр энергиясын иштеп чыгаруучу гравитациялык генераторду көрсөтүлүп, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгилегендей, «Metarise Japan» Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоорду баштоону пландаштырып жатат. Компания Японияда көрсөтүлгөн жабдууларды чыгарууга эксклюзивдүү патент алган жана Кыргыз Республикасындагы электр энергиясынын альтернативдүү булактары боюнча маселелерди чечүүгө салым кошууга ниеттенүүдө.

Мамлекет башчысы берилген маалыматтар менен таанышып чыгып, Кыргызстан япон инвесторлору жана жаңы технологиялар үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.

Президент мамлекет энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи, анткени ал экономиканын өзөгү жана негизги тармактардын бири. Өлкөдө жагымдуу абал түзүү жана инвестиция тартуу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.

1836