7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Монголиянын Президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

24

Президент Садыр Жапаров менен Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун анын өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болду.

Тараптар эки жактуу кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде саясат, соода жана экономика, транспорт жана айыл чарба тармагын талкуулашты. Санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан жана Монголия тарыхый достук байланыштары бар мамлекеттер экенин, алардын тамыры терең байыркылыкка кетерин баса белгиледи.

«Бизди миң жылдык көчмөндөрдүн каада-салттары, руханий баалуулуктар жана жаратылышка болгон аяр мамиле бириктирип турат. Биз кылымдар бою өзүнүн бай маданий мурасын түзүп, аны биздин аймактын чегинен тышкары да жайылтып келе жаткан элдердин, көчмөндөрдүн улуу цивилизациясынын урпактарыбыз. Бири-бирибизди боз үйдөн, кийизден, эпостон жана көчмөн жашоо мүнөзүнөн тааныйбыз», — деди Мамлекет башчысы.

Ал бул маданий жакындык биздин мамлекеттер аралык мамилелерибизде өзгөчө ишеним маанайын түзөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар Кыргызстандын Президенти менен бирге эки тараптуу мамилелердин 30 жылдык жолун жыйынтыктоого, жетишилген макулдашуулардын аткарылышына баа берүүгө, ошондой эле конкреттүү экономикалык мазмунга толгон кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.

Соңунда Монголиянын Президенти азыркы мамлекеттик сапар оң динамиканын уландысы болуп, эки тараптуу алакалардын укуктук базасын чыңдоого, ошондой эле айыл чарба, маданият жана илим тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган жаңы документтерге кол коюу менен коштолооруна ишеним билдирди.

25