7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Монголиянын президенти менен жолукту

536

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. 

Садыр Жапаров эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирип, илим, билим берүү жана экология чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айта кетти.

Лидерлер өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган негизги долбоорлорду биргелешип алга жылдырууга ишенимин билдиришти.

 

537