7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Москвага Кызыл аянттагы юбилейлик Жеңиш парадына катышуу үчүн барды

317

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына келди.

Мамлекет башчынын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду. 

Садыр Жапаровду Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Мамлекет башчысына мындан туура 80 жыл мурда 1945-жылдын 9-майында жарык көргөн «Кызыл Кыргызстан» жана «Правда» гезиттеринин тарыхый сандарынын көчүрмөлөрү тапшырылды. Алардын беттеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш тууралуу алгачкы расмий билдирүүлөр жарыяланган.

Эске сала кетсек, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров чет мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары менен бирге Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү юбилейлик Жеңиш парадына катышат. 

Алдыда боло турган салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Параддык бөлүгү да катышмакчы.

 

 

318