ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек шаарында өткөрүлгөн Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап беришти.
Айрыкча аскердик оор техникаларды коштоп жүрүү, чоң көчөлөрдө жол тыгындарына жол бербөө багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.
Учурда оор техникалар өтүү үчүн убактылуу жабылган жолдор ачылып, шаарыбызда жол кыймылынын абалы туруктуу жана баары көзөмөлдө.