7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Непалдын президентине учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

827

Президент Садыр Жапаров Непал Федеративдик Демократиялык Республикасынын президенти Бидхья Деви Бхандариге авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Покхара шаарына жакын жерде авиакырсык болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына, жакындарына жана Непал элине кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эскерте кетсек, 15-январда Непалда ATR 72 учагы кыйроого учурап, Yeti Airlines авиакомпаниясынын төрт экипажы жана учактын ичиндеги 68 жүргүнчү курман болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

828