7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөн УКТ мүчөлөрү кармалды

400

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардан 12 килограммдан ашык “Гашиш” баңгизаты алынган.

«Тажикстандан Кыргызстандын аймагына “Гашиш” баңгизатын ташуу менен алектенген улуттар аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Алар Кыргызстанга баңгизатты алып келгенден кийин, андан ары сатышмак»,- деп берилет маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишинин алкагында 13-январь күнү саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында “Гашиш” (афган чарсы) баңгизатын сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Жаран 1968-жылы туулган Г.К. уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөсү катары ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын ыкчам каттоосунда турган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө скотч менен оролгон, 12 таңгактагы өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 12 кг 170 граммды түзгөн баңгизат табылып алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

401