7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ош шаарында Барпы Алыкулов атындагы жаңы паркты ачты

461

Президент  Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош шаарында Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы иш-чаранын башында символикалык түрдө боону чечти. Андан соң ал аймактын көрктөндүрүлүшү жана шаар тургундары менен меймандары үчүн эс алуу жана активдүү убакыт өткөрүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан парктын жалпы аянты 26 000 чарчы метрди түзөт. Паркты куруу иштери 2024-жылдын июль айында башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктады.

Белгилей кетсек, бул аймак жакшыртууга чейин кароосуз калган абалда болгон. Азыр паркта воркаут-зона, балдардын оюн аянтчасы, унаа токтотуучу жай, мини-футбол талаасы жана башка шарттар түзүлгөн.

Соңунда Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алар анын аймакка көңүл буруусу, демилгелерди колдогону жана маанилүү социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдиришти.

462