7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Пакистан- Кыргызстан бизнес-форумуна катышты

163

Бүгүн Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Исламабадда өткөн Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы Инвестициялык форумга катышышты.

Бизнес-форумдун катышуучуларына Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берген толук маалымат берилди, Пакистан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстандын бизнес-делегациясы менен саламдашып, форумдун жыйынтыгында тараптар соода алакаларынын өнүгүшү, биргелешкен ишканалардын түзүлүшү, ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка бир катар тармактарга жаңы инвестицияларды салуу жөнүндө жарыялай алышат деген ишенимин билдирди.

Кыргызстан менен Пакистандын бизнес-форумуна фармацевтика, туризм, маалыматтык технологиялар, тоо-кен тармагы, медицина жана логистика чөйрөлөрүндө иштеген 80ге жакын компаниянын өкүлдөрү катышты.

164