7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

396

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдоонун, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштарды колдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Президент Садыр Жапаров жана Президент Асиф Али Зардари өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүнө кошумча түрткү берерине жана көп пландуу байланыштарды бекемдөөдө маанилүү баскыч болоруна ишеним билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна ийгиликтүү төрагалык кылууну каалады.

397