Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда Исламабад шаарында Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жылуу кабыл алуу, меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү сапар Кыргызстандын президентинин Пакистанга акыркы 20 жылдан берки биринчи сапары, ошондой эле 2021-жылдын январь айында шайлангандан бери анын бул өлкөгө болгон алгачкы мамлекеттик сапары экенин эске салды.
“Бүгүн биз кыргыз-пакистан кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана анын келечегин кеңири талкууладык.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономика, инвестиция, транспорт, логистика жана илим-билим чөйрөлөрүндөгү өз ара кызматташууну активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Айрым багыттар боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди”, — деди Садыр Жапаров.
Ал Кыргызстан менен Пакистандын транспорттук-транзиттик дараметин толук кандуу ишке ашыруу өнөктөштүктүн абдан маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.
Муну менен катар мамлекет башчысы Борбордук жана Түштүк Азиянын ортосундагы энергетикалык системаны түзүүдө негизги ролун ойной турган «CASA-1000» долбоорунун өзгөчө ордун баса көрсөттү.
Президент билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуунун келечегине токтолду. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 12 миңден ашуун пакистандык студент билим алууда жана өлкө биргелешкен жаңы демилгелерди ишке ашырууга жана илимий кызматташууну мындан ары да күчөтүүгө даяр.
“Коопсуздук тармагында терроризм, экстремизм жана трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүүдө биримдигибизди дагы бир ирет ырастадык.
Аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн компетенттүү органдардын ортосундагы координацияны күчөтүү жөнүндө макулдаштык”, — деди Садыр Жапаров.
Президент Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы төрагалыгына байланыштуу, 2026-жылдын күзүндө Бишкек шаарында өтө турган ШКУнун саммитине, 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларга премьер-министр Шахбаз Шарифти ардактуу мейман катары катышууга чакырганын белгиледи.
Мамлекет башчысы эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги көптөгөн негизги маселелер боюнча эки өлкөнүн көз караштары окшош экенин баса көрсөттү. Кыргызстан жана Пакистан тоолуу өлкөлөр катары Ак илбирсти сактоо боюнча жемиштүү кызматташып келе жатышат, ошондой эле пикирлеш тоолуу өлкөлөр менен бирге БУУнун климат боюнча конференциясынын алкагында Тоо күн тартибин алдыга жылдырууда.
Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында Шахбаз Шарифти өзүнө ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырганын билдирип, жетишилген макулдашуулар достук мамилелерди бекемдеп, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгараарына ишеним билдирди.



