7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын Спикери жана Сенатынын Төрагасы менен жолугушту

240

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улуттук Ассамблеянын Спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын Төрагасы Юсуф Реза Гилани менен жолугушту. Парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланып, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди, ошондой эле транспорттук-логистикалык, инвестициялык, экономикалык жана башка тармактарда келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү келечеги каралды.

Президент Садыр Жапаров мамлекетти өнүктүрүүдөгү парламенттин ролун баса көрсөтүп, мыйзам чыгаруу органынын мамлекеттик системаны чыңдоого жана негизги реформаларды ишке ашырууга кошкон олуттуу салымын белгиледи. Ал эки өлкөнүн парламенттеринин депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттеринин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөдөгү маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Өз кезегинде Улуттук Ассамблеянын Спикери Сардар Аяз Садик Мамлекет башчысын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Пакистан парламенти парламенттер аралык уюмдардын жана форумдардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүгө, өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

241