7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров пландан тышкары жаңы футбол стадиону курулуп жаткан жерге барды

414

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Бишкектин четинде жайгашкан жаңы футболдук стадиондун курулушунун жүрүшү менен пландан тышкары таанышты.

Мамлекет башчысына ал жерде 45 миң орундуу футболдук стадиондун долбоорун көрсөтүштү, ошондой эле аталган объекттин башкаларга салыштырмалуу уникалдуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндалды.

Архитекторлордун айтымында, архитектуралык стиль жана түс гаммасы Бишкектин жана кыргыз элинин мүнөзүнө жана маданиятына туура келет.

Жаңы футбол стадиону Кыргызстандын борбор калаасынын символдорунун бири болору күтүлүүдө, ал эми футбол аянтчасы FIFAнын стандарттарына жооп берет.

Бул ишке Түркия, Кыргызстан жана Улуу Британиядан ондогон инженерлер жана архитекторлор тартылганы белгиленди. Долбоорго ылайык, футбол стадионунун жалпы аянты 180 миң чарчы метрди түзүп, автопарк, техникалык жайлар, соода-оюн-зоок борбору жана башка объектилерди камтыйт.

415