7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров президенттин аппаратынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү

197

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда, президенттин аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме өткөрүп, жакынкы келечектеги негизги артыкчылыктуу багыттарды атады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Анда Садыр Жапаров, мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу, бюрократиялык жана башка административдик процедураларды кыскартууга көңүл буруу зарыл экенин белгилеген.

«Президент Аппараттын конкреттүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн алдына коюлган бардык милдеттери өз маалында жана натыйжалуу аткарылышы керектигин өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы алдыда мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу иши турганын, анын алкагында ашыкча жана бири-бирин кайталаган органдар оптимизацияланып, кадрларды тандоо алардын кесиптик чеберчилигинин негизинде гана жүргүзүлөрүн эске салды.

Президент Садыр Жапаров тууганчылык, досчулук жана башка байланыштарга карабастан, мыйзамды бузган, айрыкча коррупциялык иштерге аралашкан ким гана болбосун мыйзам чегинде жоопко тартыларын дагы бир жолу баса белгиледи. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы Президенттик Аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен өз багыттары боюнча ачык-айкын жана натыйжалуу иш алып барууну талап кылды», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

198