7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров расмий сапар менен Азербайжанга барат

547

19-20-апрелде президенти Садыр Жапаров  Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Баку шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Алдыдагы сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюнун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын алкагында Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалууда.

Мындан тышкары, азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып, анын жүрүшүндө Кыргызстан жана соода-инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.

Сапар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгынын алдында өтөт.

Бир катар документтерге, атап айтканда, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга, мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча Меморандумга, ошондой эле мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берген өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюу пландаштырылууда.

Жээнбек Кулубаев алдыдагы сапар эки өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген ишенимин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548