7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга барды

303

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-декабрда, Корея Республикасына расмий сапар менен барды.

Сеул шаарынын аэропортунда мамлекет башчысын Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Жо Гу Ре жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлдү, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун Төрагасы, БУУнун мурдагы Баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушуусу болот. Мындан тышкары, мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

304