7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров расмий сапары менен Москва шаарына барды

558

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, расмий сапар менен Москва шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эске салсак, расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат, бир катар иш-чараларга катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

559