7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
36°C

Садыр Жапаров Советтик жоокердин Ржев мемориалы эстелигине гүлчамбар койду

313

Ржев шаарында бүгүн, 7-майда, Россия Федерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Советтик жоокердин Ржев мемориалы эстелигине гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров жана Россиянын мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын Төрагасы Вячеслав Володин Советтик жоокердин 25 метрлик уникалдуу скульптурасынын алдына гүл коюшуп, 1942–1943-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Ржев алдындагы салгылашууларда курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

Бул Улуу Ата Мекендик согуштун эң узак салгылашууларынын бири – Ржев салгылашынын эстелиги экени белгиленет.

Мемориалдык комплекс Тверь облусунун Ржев районундагы Хорошево айылында тургузулган. Советтик жоокердин 25 метрлик монументи абада каалгып, турналардын тобунда кайып болуп бараткандай элес калтырат. Эстеликтин жанында курман болгон жоокерлердин ысымдары жазылган дубалдар бар. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин демилгеси менен коомдук кайрымдуулуктан түшкөн каражатка курулган. Мемориалдык комплекс 2020-жылдын 30-июнунда ачылган.

Андан соң Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин Улуу Ата Мекендик согуштун Борбордук музейинин Ржев салгылашына арналган филиалында болушуп, алар үчүн кыска экскурсия өткөрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

314