Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 157-чакырымында ачык аянттагы куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Учурда кошумча Токой чарба кызматынан 15 кызматкер жана ИИМден 1 экипаж, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан 15 кызматкер өрттү өчүрүүдө көмөктөшүүдө. Болжол менен өрттүн аянты 10 гектарды түзөт»-дешти ӨКМден.
Кошумча маалымат берилет .