7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

156

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды жана бүтүн түрк элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, ушул ыйык күнү тынчтык, жакшылык жана береке каалады.

Кыргызстандын Президенти Түркиядагы соңку окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун айтып, Бишкектен кырдаалды дайым байкап тургандыгын, кырдаал тез арада турукташарына үмүт артарын билдирди. Ал Түркия Республикасынын жетекчилигинин тынчтыкты, ынтымакты жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдоорун баса белгиледи.

Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө контекстинде Мамлекет башчысы кыргыз-түрк мамилелеринин динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилеп, Президент Эрдогандын Кыргызстанга өткөн жылы жасаган сапары тарыхый мааниге ээ болгонун жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнө жаңы дем бергенин айтты. Буга байланыштуу Садыр Жапаров жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча пландарды белгилешти.

Сүйлөшүүнүн аягында Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми боордош Түркия элине тынчтык, биримдик жана бакубатчылык каалады.

157