7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Самарканд шаарындагы «Регистан» аянтына көчөт отургузду

636

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн келген мамлекет жана делегация башчылары менен биргеликте көчөттөрдү отургузууга катышты.

Бак-дарактарды биргелешип отургузуу Өзбекстанда өлкө Президенти Шавкат Мерзиёевдин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Яшил макон» жалпы улуттук долбоорунун алкагында өттү.

Долбоордун максаты республиканын шаарларынын жана райондорунун борборлорунда жана калктуу пункттарында экологиялык абалды жана абанын тазалыгын жакшыртуу болуп саналат.

Иш-чара Өзбекстан менен ТМУнун саммитине катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы телекөпүрө форматында өттү.

Кыргызстандын борбору — Бишкек шаарында бак-дарактарды отургузууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Түрк мамлекеттеринин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчилери катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637