7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

422

Президент Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 10-11-ноябрда Өзбекстан Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин тогузунчу Саммитинин жыйынына катышып, анын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды.

Жыйында ТМУнун мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиев Уюмдун Башкы катчысы болуп дайындалды.

Ошону менен бирге, Президент Садыр Жапаровго чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин ыйгарылган Алишер Навои атындагы эл аралык «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» сыйлыгы тапшырылды.

Саммиттин аянтчасында Мамлекет башчысы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Ошондой эле,

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мерзиёев тарабынан демилгеленген «Яшил Макон» улуттук долбоорунун алкагында «Регистан» аянтында Садыр Жапаров, ТМУ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жана делегация мүчөлөрү биргелешип көчөттөрдү отургузушту.

Иш-чара Өзбекстан менен ТМУ Саммитине катышкан өлкөлөрдүн ортосунда телекөпүрө форматында өттү.

Бүгүн, 11-ноябрда, Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

423