7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын эң кооз 5 вело жолу (ФОТО)

549

Жагымдуу климаты, кооз жаратылышы жана ункалдуу маданий мурастары менен атагы чыккан Түркия эмо вело сүйүүчүлөрдү да кубандырып, эң ыңгайлуу вело маршруттарын сунуштайт. Бул маршруттар тоо, жол жана электр велосипеддери үчүн атайын иштелип чыккан. Түркиянын веломаршруттары вело спортунун ышкыбоздоруна таң калыштуу локацияларды ачып берип, кызыктуу жерлерди кыдырганга мүмкүнчүлүк жаратат.

Анда эмесе көңүл буруңуз! Биз болсо Түркиянын эң кооз 5 вело жолу тууралуу кыска-нуска баяндап беребиз.

ГУВЕРЧИЛИК ӨРӨӨНҮ – ГӨРЕМЕ АЧЫК АСМАН МУЗЕЙИНИН МАРШРУТУ

Түркиянын эң кооз аймактарынын бири бул-Кападокия. Кападокия велоспортчулар үчүн өтө ыңгайлуу болуп, бул жерде 7 вело маршрут түзүлгөн.

Гүверенчилик өрөөнүнө Гөреме ачык асман музейине жол Үчхисар сепилинен башталып, Мескендир өрөөнү жана Чавушин айылы аркылуу айланып өткөн

Кападокияда Үчхисар сепилинен башталып, Гөреме ачык асман музейи, Мескендир өрөөнү жана Чавушин айылы аркылуу Гүверчинлик өрөөнүнүн айланып өтөтурган өтө кооз понарамалык жол бар.

Калың токой менен курчалган, салкын аба бетти тырмалап турган бул аймакта треккинг, педал тебүүдөн артык ырахат жок болсо керек. Гүверенчиликке барсаңыз, көгүчкөндөр менен кооз пейзаждарды көрүп мээңиз сергип, чериңиз жазыла түшөт.

ЛИКИЯ ЖОЛУ- МАДЕН ПЛЯЖ МАРШРУТУ

Ликия жолунда Фетхие, Өлүдениз, Көпөлөк өрөөнү, Кабак булуңу, Калкан, Каш, Кекова, Демре, Патара, Олимпос тоосу, Чыралы жана Гөйнүк каньону сыяктуу жыйырмадан ашуун жаратылыш кереметтери жана байыркы шаарлар бар.

Ликиядагы бул аймактарды велосипед менен да кыдырып чыксаңыз болот. Антальянын Кемер районундагы Ликия жолу-Маден Бич жолу атайын тоо велосипеди үчүн жасалган. Вело жолдун узундугу 18 км, бийиктиги болсо 1115 метрди түзөт.

Бул маршрут Чыйыр Маден булуңа чейин барат. Маршрутту вело менен басып өтсөңүз Жер Ортолук деңизинин кооздугу, пляж, үңкүрлөрдү да көрөсүз. Деңий бойлой эс алып, чер жазып кетсеңиз да болот.

БҮБҮ МАРИЯМ ҮЙҮ — ЭФЕС ЖОЛУ

Б.з.ч 6000-жылга таандык Эфес шаары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Дүйнөнүн жети кереметинин бири болуп саналат. Аймакты велосипед менен кыдыруу ар бир вело сүйүүчү үчүн уникалдуу тажрыйба болот десек жаңылышпайбыз.

Бул локацияда Селчуктан тогуз километр алыстыкта ​​жайгашкан Бүбү Мариямдын үйүнөн баштап, байыркы Эфес шаарына чейин жеткен тоо велосипеди жана электр велосипед жолдору бар.

Бийиктиги 414 метр, узундугу 350 чакырымды түзгөн бул маршрут тарых барактарындагы атчандардан тартып, христиандардын ыйык борбору болгон байыркы замандын эң маанилүү шаарлардын бирине алып барат.

КӨЙЖЕГИЗ-ОРТАЖА-ДАЛАМАН МАРШРУТУ

Түркиянын туризм бейиши аталган Мугла облусу велосүйүүчүлөр үчүн да ыңгайлуу аймак десек болот. Көйжегиз-Ортажа-Даламан маршруту сизди Мугланын көз жоосун алган кооз табияты менен тааныштырат.

2018-жылы Эко Трейлдердин алкагына аталган облуста 22 паркур пландалган. Алардын 15и велосипед жана жетөөсү е- велосипеддери үчүн бөлүнгөн. Аймактын климаты жыл бою велосипед айдаганга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле вело жолдорго эл аралык стандарга ылайык жол белгилери да орнотулган. Бул жол каретта ташбакалары урук койгон башкы жолдордун бири болуп саналат.

СТАМБУЛ-ЕВРОПА ТОКОЙ ЖОЛУ

Европа менен Азияны бириктирген кереметтүү Босфор шаары ар дайым чет өлкөлүктөрдүн көңүл борборунда болуп келет.

Бүгүнкү Стамбул тарыхы, маданияты, байыркы жана заманбап искусствосу менен башка шаарлардан өзгөчөлөнүп турат. Ошондой эле бул тарыхый шаар дүйнөлүк деңгээлдеги соода жана гастрономиядан тышкары, электр мегаполис жана вело жолдору менен да белгилүү.

Стамбулдун Европа тарабына токой аралаган жолдор менен өтүп, Анадолу жана деңиз жээктерине барсаңыз болот. Ошондой эле Босфордун газдалган сууларынан ууртап, даамын татып, сапаты, тазалыгын байкап көрсөңүз болот.

Вело жүрүүчүлөр Бофсордун европалык жээгинен тартып, шаардын жүрөгү деп аталган Белград чейин барып, Стамбулдун жаңы образын көрө алышат.

ТУРУКТУУ ТУРИЗМ “ВЕЛОСИПЕДГЕ ЫЛАЙЫКТУУ КОНОК ЖАЙЛАРДЫН СЕРТИФИКАТТАРЫН ИЗИЛДӨӨНҮ” ДА КОЛДООГО АЛУУДА.

Түркиянын вело туризми бир гана маршруттарды түзүү менен чектелип калган жок. Туризмдин туруктуу өнүгүүсүн тездетүү үчүн өткөн жылы “Велосипедге ылайыктуу конок жайлардын сертификаттарын” иштеп чыкты.

Бул сертификат өлкөгө келген вело сүйүүчүлөргө велосипедге ылайыктуу конок жайларды оңой тапканга жардам берет.

Сертификат алууга укугу бар мекемелерге Түркиянын санарип жүзү болгон GoTürkiye платформасына да кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Бүгүнкү күндө Түркияда Велосипедге ылайыктуу турак жай сертификатынын критерийлерине жооп берген 17 объект бар.

Түркиянын вело маршруттары саякатчыларды шаардын ызы-чуусуна арылтат. Тынч жана таза табият койнунда мээ сергитүүсүнө шарт түзүп берет.

Түркияга канча жолу барбаңыз, бул өлкөнүн элестери эсиңизде түбөлүк калат!

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

550