7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

93

Бүгүн, 10-декабрда, президент Садыр Жапаров Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, мамлекет башчысы элчиге жемиштүү ишмердүүлүгү жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы маанилүү социалдык-экономикалык, анын ичинде жеткиликтүү турак жайларды, ооруканаларды, мамлекеттик мектептерди куруу жана инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышкандыгын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы мындан аркы кызматташтык өз ара түшүнүшүү жана ишеним духунда өнүгө берерине үмүт артып, Элчиге мындан аркы кесиптик ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Сауд Аравиясынын элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради кыргыз тарапка анын дипломатиялык миссиясынын мезгилинде көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Королдук Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө умтуларын ырастады. Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жогорку деңгээлге жеткенин жана тереңдетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Ибрахим бин Ради Аль-Радини Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

94