7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды

516

Президент Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

ШКУнун алкагында өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштарын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюму 21 жылдык ишмердигинде беделдүү эл аралык жана аймактык уюмдардын ичинен татыктуу орунду ээлеп, коопсуздукту жана мамлекеттер аралык мамилелерди туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп калганын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы ШКУга катышуусуна өзгөчө маани берерин жана Уюмга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташуусун мындан ары тереңдетүү зарылдыгын ырастай турганын белгиледи.

Ал «ШКУ үй-бүлөсү» өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү ШКУнун ишинин маанилүү багыты катары караларын баса белгиледи.

«Кыргыз Республикасы экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында ШКУ Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун Өнүктүрүү фондун (Атайын эсеп) ачуу аркылуу эффективдүү каржылык механизмдерди түзүүнү жактайт. Бул өзгөчө азыркы татаал глобалдык геосаясий процесстерде актуалдуу», — деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров транспорт тармагындагы кызматташуу жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча «Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун иш жүзүндө ишке ашыруу биздин мамлекеттерибиз үчүн гана эмес, ошондой эле бүткүл Евразия континентинин көптөгөн өлкөлөрү жана аймактарынын региондун транзиттик потенциалын толук ачууга олуттуу кадам боло аларын белгиледи.

Мамлекет башчы ошондой эле, уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатында Кыргызстандын демилгеси менен Бишкек шаарында ШКУнун Маданий-интеграция борбору түзүлгөнүн баса белгиледи.

Аны менен бирге Президент Садыр Жапаров  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарында айткан демилгелерин Кыргызстан толугу менен колдой турганын белгиледи.

Өз кезегинде ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин Кыргыз Республикасы Шанхай Кызматташтык Уюмунун негиздөөчү мамлекеттеринин бири катары көптөгөн демилгелерди көтөрүп, ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө зор салым кошкондугун баса белгиледи.

Чжан Мин белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун Уюмду мындан ары өнүктүрүү боюнча демилгелери жана сунуштары ШКУну мындан ары да алга жылдырууга жардам берет.

ШКУнун Башкы катчысынын пикири боюнча кыргыз тараптын демилгеси менен Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун түзүлүшү (кыргыз тараптын демилгеси менен) ШКУга мүчө мамлекеттер коопсуздук жаатында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн маанилүү аянтча катары кызмат кылат.

Соода-экономикалык кызматташууга токтолгон ШКУнун Башкы катчысы бул жаатта, өзгөчө дүйнөдөгү оор экономикалык кырдаалдын фонунда кызматташууну бекемдөө жана кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Чжан Мин ошондой эле, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу чоң мааниге ээ деген пикирин билдирди.

Эл аралык кырдаалды эске алуу менен ШКУнун Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун Өнүктүрүү фондун (Атайын эсеп) түзүү боюнча кыргыз тараптын сунушу абдан актуалдуу экенин баса белгиледи.

«Бул багытта реалдуу кадамдарды жасоо маанилүү. Бул өзгөчө инфраструктураны өнүктүрүү, биздин аймактын ичиндеги жана тышкы дүйнө менен сооданы өнүктүрүү үчүн маанилүү», — деди ал.

Бишкекте ШКУнун Маданий-интеграция борборунун түзүлүшүн жогору баалап, Уюм тарабынан аны өнүктүрүүгө бардык жактан колдоо көрсөтүлөрүн  кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого ишенимин билдиришти.

Белгилей кетсек, ШКУнун Башкы катчысы Бишкекке сапарынын жүрүшүндө ошондой эле, Евразиялык экономикалык форумуна (ушул жылдын 26-майы) катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

517