7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

481

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, КРнын чек арачыларынын күнү — кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилигин, өздүк курамын жана ардагерлерин Чек арачылар күнү менен өзгөчө жылуу маанай менен куттуктайм!

Мамлекеттик чек араны көздүн карегиндей коргоо өзгөчө маанилүү тапшырма жана өлкө коопсуздугунун башкы кепилдиктеринин бири болуп саналат. Дал ошондуктан чек арада кызмат өтөгөндөргө эң жогорку талаптар коюлган.

Дүйнөдөгү жана Борбор Азиядагы кырдаал эгемендүүлүккө кол салууга, баңги аткезчилигине, чек арадагы кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга ишенимдүү бөгөт коюу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп турат.

“Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде” деп, ата-баба салтын улаган чек арачыларыбыз төрт миң жети жүздөн ашуун чакырымга созулган Мекен чегин кандай гана климаттык шарттарда, кандай гана чыңалган жайгдайларда болбосун, көз ирмебей күзөтүп келишет.

Бүгүнкү күндө мамлекет дагы, элибиз дагы чек ара коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурууда. Чек ара чөйрөсүндө олуттуу кайра түзүүлөр жүрүп, заманбап жабдуулар, жаңы техника, курал-жарак жана учкучсуз учактар алынууда.

Чек ара инфратүзүмүн ырааттуу өнүктүрүү, чек ара мекемесинин оперативдик, техникалык, кадрдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү, чек ара жоокерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан корголуусу жаатында мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштер мындан ары дагы улантылат.

Биздин өлкө ишенимдүү коргоодо деп айта алабыз. Ошол эле учурда ак ниет коноктор үчүн Кыргызстандын эшигин дайыма ачык.

Урматтуу чек арачылар!

Сиздердин чек арада кызмат өтөгөн жылдарыңыз өмүр баяныңыздын жаркын барактары болуп калганын, ардагерлер уюмдарындагы армиялык жөнөкөй достук жаңы салттар менен бекемделип жатканы жагымдуу көрүнүш.

Ушул салтанаттуу күндө аскердик милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан жоокерлерге, өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн Мекен кызматына арнаган ардагер чек арачыларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Өсүп келе жаткан жаштарга өрнөк болууну, улуу муундардан бери келаткан күжүрмөн достукту бекемдөөнү, коңшу мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилени сактоону татыктуу уланта бериңиздер.
Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

482