7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Швейцариянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

133

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерлини ишеним грамоталарын тапшыргандыгына байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы саясий диалогдун оң динамикасына чын ыкластан кубанарын белгиледи. Садыр Жапаров эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн сактоо жана мындан ары да көбөйтүү үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Швейцариянын Элчиси Сироко Мессерли жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуудагы маанилүү жетишкендиктерин канааттануу менен белгилеп өттү. Муну менен катар Сироко Мессерли Швейцариянын өз ара кызыкчылык жараткан кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы көп жактуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даярдыктарын билдиришти.

134